19.09.2018 14:23

Президент Мамтил комиссиясына  «Байчечекей» журналын расмий өнөктөш кылып алууну сунуштады

Президент Мамтил комиссиясына  «Байчечекей» журналын расмий өнөктөш кылып алууну сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Улуттук тил комиссиясынын төрагасы өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Бүгүнкү күндө республика боюнча «Кыргыз тесттен» жалпысынан 15 миңден ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өткөндүгүн белгиледи. Алыскы региондордогу кызматкерлер тесттен өтүү үчүн атайын көчмө станциялардагы өз ишин улантып жатканын кошумчалады.

Улуттук тил комиссиясы жазуучу сентябрь айында Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу «Эне тил жана Айтматов» аталышта мамлекеттик тилдин үч айлыгын жаряылагандыгын билдирди.

Мамлекет башчысы бул иш-чараны колдой тургандыгын баса белгиледи. «Бул  Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүүгө, жазуучунун чыгармаларын жайылтууга арналган жакшы саамалык», — деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы билим берүү тармагында, анын ичинде мектепке чейинки жана башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуу маселесин козгоп, жеткинчектер үчүн окуу китептерин басып чыгарууда «Байчечекей» бөбөктөр журналынын практикасын колдонуп, аны расмий өнөктөш кылып алууну сунуштады.